🌐BATKEN_TV – Telegram
🌐BATKEN_TV
909 subscribers
1.6K photos
2.46K videos
1 file
476 links
🇰🇬Баткендиктер үчүн атайын Telegram каналы!
🌎 Жаңылыктар биздин каналда!

📽 видео жаңылыктар болсо бизге жөнөтүңүз, каналга чыгарабыз 👇 @batken_tvbot
Download Telegram
"Атаңды түрмөдөн чыгарып берем" деп 1,5 млн сомго алдап кетти...

46 жаштагы киши ушундай убада берип, качып кеткенин Баткендин тургуну милицияга кабарлаган. Алдамчылыкка шектелген киши 2 айга камалды.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышында беш депутаттык топ болорун бизге парламенттеги маалымат булактар кабарлады

Депуттардын баары фракцияларга бөлүндү.

⚫️“Элдик” фракциясын Акылбек Түмөнбаев

⚫️"Ата Журтту" — Нурбек Азыгалиев

⚫️"Ала-Тоону" — Жанар Акаев

⚫️"Адилетти" — Нурбек Сыдыгалиев

⚫️"Мекенчилди" — Кундузбек Сулайманов жетектей турганы айтылды
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Же биз тажабадык, же булар түгөнбөдү... Милиция дагы бир “тез байытам” деген компанияга иш козгоду

Бишкекте VML_KG компаниясына алдандым деп 157 жаран арыз жазган. Компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тиешелүү документтер алынган. Алдамчылыкка шектелип, анын 67 жаштагы негиздөөчүсү убактылуу кармоочу жайга камалды.

Милиция жарандарды “тез жана кепилденген киреше” убадалагандарга ишенбөөгө чакырат.

Бул "тез байытам" деп элди акчага алдап кеткен биринчи учур эмес. Соңку жылдары эле милиция 10догон шылуундук схемага бөгөт коюп, аларга ишенбөөнү айтып келет.
Садыр Жапаров мектепке кар кечип бараткан видеосу тараган окуучуга өзүнүн кол телефонун, ноутбук, топ жана китеп белек кылды

Президент бүгүн Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылынан келген 4-класстын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды.

Жапаров Нурзамандын кар жиреп бара жаткан видеосун көргөндө өзүнүн бала чагын эстегенин айткан. Мамлекет башчы да кезинде кар кечип мектепке барып жүргөнүн айткан.
Баткендин башкы балатысынын оту жагылды

Андан соң маданият ишмерлери элге концерт коюп беришти.

Мэриядан аянтты, балатыны жасалгалоого, балдарга белек алып, Жаңы жыл түнү өтө турган концертти уюштурууга 360,5 миң сом бөлүнгөнүн билдиришти.
Коомдук транспорттун кыймылын көрсөтүп турган "Менин шаарым" тиркемесин эми Бишкектен башка калааларда жашагандар да колдонсо болот

Тагыраагы, аталган функцияны эми Ош, Кант, Манас, Талас жана Токмоктун тургундары да пайдалана алышат.

Бишкек мэриясынан тиркемени республиканын бардык аймактарына жеткиликтүү кылуу планы бар экенин билдиришти.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстандын банктарынын активдери 1 трлн сомдон ашты

Улуттук банк жыл башынан бери банктардын активдери 38%га өсүп, 1 трлн 125,2 млрд сомду түзгөнүн маалымдады.

Элге 477,7 млрд сом насыя таратылган, анын 17,3 млрд сому ислам принциптери боюнча берилген. Ал эми банктарда сакталып турган элдин каражаты 800 млрд сомго жеткен.

Өлкөдө 21 банк жана алардын 306 филиалы иштейт.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
РКӨФ кант өндүргөн эки заводду модернизациялоого 25 млн доллар бөлөт

Заводдор модернизацияланган соң анын чийки затты сатып алуунун көлөмү көбөйүп, өлкөнүн кумшекерге муктаждыгын жаба алат.

"Кайыңды-Кант" жана "Кошой" кант заводдору 100 миңден ашык адам иштеген ири жай. Аталган заводдорго 3500гө жакын фермер чарбалары өстүргөн продукциясын өткөрүшөт.

Кыргызстандын кумшекер тармагы көп убакыт бою өнүкпөй, тескерисинче, артка кеткен. Анын кайра бутуна туруу мезгили 2016-2017-жылдарга туура келет. Бул РКӨФтүн колдоосунун менен ишке ашкан. Анда фонд эки заводго 16 млн доллар бөлгөн.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Чүй проспектинин ЦУМдун тушундагы бөлүгү ачылды

Аны куруп жаткан Old Bishkek компаниясы жол 20 метр болуп кеңейтилгенин билдирген.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Камчыбек Ташиев футболчуларды “ойнобосоңор, башкаса сүйлөшөбүз” деп тамашалады

Ал KFU FOOTBALL AWARDS 2025 аземинде сүйлөп жатып, бийлик аталган спортту жигердүү колдоп жатканын белгилеген. Тагыраагы, Ташиев инфраструктура жакшырганын, салыктык жеңилдиктер берилгенин санап берди.

“Футбол менен алектенгендер, машыккандарга бардык шарттар түзүлүп, алардын чыгымдарын мамлекет өзүнө алды. Андан артык дагы эмне кылышы керек. Эми мындан ары да ойнобосоңор, анда башкача сүйлөшөбүз”, — деди ал тамашалап.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Карышкыр, чөөлөр күч алууда. Бийлик жырткычтар менен кантип күрөшүүдө?

Соңку убактарда карышкырлар айылдарга чейин түшүп келип жатканы боюнча маалыматтар көп тарай баштады. Мындан улам Жаратылыш ресурстары боюнча министрликтен жырткычтар менен күрөшүү жаатында маалымат алдык.

Алар аңчылардын бригадалары уюштуруларын, атылган ар бир карышкыр үчүн 6000 сом, бөлтүрүккө 1500 сом, чөөгө 2000 сом төлөнөрүн билдиришти. Ишти жергиликтүү бийлик уюштуруп, мергенчилер аткармакчы.

Ошону менен бирге министрликтен жырткычтар жаратылыштын “санитары” экендигин эске салып, толук кырып салууга болбостугун кошумчалашты. Мындан улам жер-жерлердеги башкармалыктар жырткычтарды эсептеп, көбөйсө атууну уюштурмакчы.

“Эл жашаган аймактарда жырткычтар байкалса, кат түрүндө, жергиликтүү бийликке же министрликтин регионалдык башкармалыгына кайрылуу керек”, — дешти.
🇰🇬 Кыргызстандык Арген Абдуманапов бразилиялык жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын жана коло медаль утту

Турнир Санкт-Петербург шаарында өтүп жатат. Спортчу акчалай сыйлык алды.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Оштун аэропортундагы жылуу көрүнүш

Чүй камералык оркестри түштүк жергесине гастролго барган. Тумандын айынан учак каттамы кармалып калгандыктан, музыканттар өздөрүнүн дагы, жүргүнчүлөрдүн да маанайын көтөрүп чыгарма ойноп беришкен.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы коммерциялык келишимдердин 96%дан ашыгынын эсеп-чоту улуттук валюта менен жүрөт. Бул тууралуу Владимир Путин КМШ лидерлеринин бейформал саммитинде билдирди.
❗️Каттоодон өтпөгөн дронду учурууга тыюу салынат

Жарандык авиация агенттиги дрондорду пайдалануу боюнча жаңы эреженин долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ал кабыл алынса, төмөкү талаптар аткарылгандан кийин гана дрон менен видео тартууга уруксат берилет:

▪️дронду мамлекеттик каттоого коюу

▪️Авиация агенттигинин атайын окутуусунан өтүү

▪️медициналык жактан учурууга каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугун тастыктоо

▪️аба мейкиндигин пайдаланууну алдын ала макулдашуу